Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте унаа чыгарат

Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип унаа чыгаруу келишимине кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда эки өлкөнүн президенттеринин расмий жолугушуусунда маалым болду.

Анда өлкө башчы Садыр Жапаров менен өзбек ажосу Шавкат Мирзийоевдин тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда автоунаа жана коммерциялык техникаларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташуу келишими түзүлдү.

Документке Кыргызстандын министрлер кабинети жана Өзбекстандын өкмөтү тарабынан кол коюлду. Биргелешкен кыргыз-өзбек ишканасы Чүй облусунун Москва районунун аймагында ачылат.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясовдун айтымында, бул келишимде Бишкекке жакын жерде Ravon үлгүсүндөгү унаасын чогултууну ишке ашыруу каралган.

“Бул долбоор боюнча алгачкы меморандумга 2017-жылы кол коюлган. Ошол жылдан бери бир топ сүйлөшүүлөр жүрүп, талаштуу маселелер чечилди”, - деди ал.

Баясов ишкананын ишмердүүлүгү “УзАвтоСаноат” ошондой эле ата мекендик “ДТ Техник” жана “НУР” компаниялары тарабынан ишке ашырыларын белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Taalaibek.
2023-01-27 20:32:00
Унаа заводуна жумушка кантип орношсок болот?
0
Sancho-
2023-01-27 22:38:00
Ошондо сөөгү биздики эти тигилердики болуп калабы.
0
Azat-123
2023-01-28 12:00:00
Ээ Өзбекстандын машиналары такыр жарабаган неме, ушунан көрө Япошкаларды киргизбейсиңерби!
+1
Azat-123
2023-01-28 12:03:00
2023-жылдагы Равонго караганда 2000-жылкы япошка жакшы, өлсө өлүгү артык
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан