Жапаров менен Мирзийоевдин бейформал жолугушуусу "Ала-Арчада" өттү (фото)

Бүгүн, 27-январда президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин бейформал жолугушуусу болду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, жолугушуу Мирзийоевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулуп, “Ала-Арча” жаратылыш паркында өттү.

Анда кыргыз элинин каада-салты менен тааныштыруу үчүн улуттук боз үйлөр тигилип, элдик көркөм кол өнөрчүлөр менен усталардын жасаган буюмдарынын көргөзмөсү жайылды. Ошондой эле темир устанын чатыры тургузулуп, анда зоот кийимдер, туулгалар, калкандар, аскердик кемер-курлар жана байыркы усталардын зер буюмдары илинди.

Ата-бабалардан мурасталгандай, темир уста сом темирди дөшүгө коюп, кынаптап ийип, така жасап, андан соң чатырдын жанында байланган атты такалаган көрүнүш берилди. Мындан тышкары, өлкөнүн лидерлери кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам сызышты.

Ал эми “Мурас” фольклордук-этнографиялык тобу ардактуу меймандарга белгилүү кыргыз жана өзбек улуттук музыкалык чыгармаларын аткарып беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан