2021-жылы төрт баланын энеси Айнура Дооткулова SUPER.KG порталына жардам сурап кайрылган. Анда ал эпилепция ДЦП менен жабыркаган 1 жарым жаштагы баласы Раянга Индияда операция жасатууга мажбур болуп, ага каражат топтоо үчүн кыргыз элине кайрылган болчу.
Порталыбызга кайрадан кайрылган Дооткулова буга чейин жардам берген жарандардан 300 миң сом топтолгонун, али каражат толук чогулбаганын айтып, калктан көмөк сураганга мажбур болгонун билдирди.
"Бишкек шаарында 4 балам менен батирде турам. Бир үйдө эки балам (ортоңку кызы, уулу 2 жарым жашта) эпилепция менен ооруйт. Эки балама алган жөлөк пул дары-дармекке жетпейт. 2 жарым жаштагы уулум бат-баттан эле ооруп калат. Чырылдап такыр колумдан түшпөйт. Жакында эле балам комадан чыкты.
Кыргыз өлкөсүнүн медицинасы бул ооруну дарылай албаганына байланыштуу чет өлкөгө барыш керек. Ал жакка каражаттын айынан бара албай жатабыз.
Уулумдун Индияда дарылануусуна 16 миң доллар керектелет экен. Буга чейин ЖМКларга жардам сурап кайрылганбыз. Кыргыз элиме рахмат, учурда 300 миң сом чогулду. Дагы каражат жетишсиз болуп жатат. Колдой турган адамыбыз жок. Баламдан ажырап калуудан корком. Элим жардам берип койсо деп дагы кайрылууга муктаж болуп турам", - деди Дооткулова.
Тагдыр сыноосуна кабылган эне учурда 4 баланы жалгыз тарбиялап келет. Анын жашоодогу изги тилеги балдарын дарылатып, оорудан оолак кылып алуу.
"Балдарымды айыктырып алсам деп жүрүп, богок оорусуна кабылдым. Бир үйдө эки оорулуу бала менен алышып жатып чарчап калат экенсиң... Балдарымды эле айыктырып алсам.
Мен деле көпчүлүккө аралашып, пол жууп болсо дагы иштегим келет".
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Элсом 0707408450
M Bank 0707408450
(Дооткулова Айнура Раяндын апасы)
Элкарт 9417018607094232
Оптима банк 4169585348307843
Кыргызстан банк 4177490156300073
2202203685302723 ( Сбербанк Данияр Б Раяндын таекеси)
Байланыш номери: 0707408450