Бишкек шаарында 25-60 жаштагы аялдар арасында жатын моюнчасынын рагын жана көкүрөк безинин рагын аныктоо жумалыгы өтөт. Акция 30-январда башталып, 3-февралга чейин уланарын Ден соолукту чыңдоо борборунан кабарлашты.
Кабарда айтылгандай, аталган жумалык Бүткүл дүйнөлүк онкологиялык оору менен күрөшүү күнүнүн алкагында өтөт.
Бул күндөрү бардык каалоочулар сүт бездерин жана жатын моюнчасын текшерүүдөн, кольпоскопиядан акысыз өтө алышат. Жарандар №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7, №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жана Шаардык студенттик поликлиникага кайрылса болот.
Кененирээк маалымат алуу үчүн байланыш телефону: (0312) 312917
Эске салсак, буга чейин ушундай эле акция Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда да өткөрүлгөн.