Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз өлкөсүнө болгон сапары аяктады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин 26-27-январда Кыргыз өлкөсүнө болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Андан соң өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашты.

Эки өлкө лидерлери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, кыргыз-өзбек көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого бекем ниетин ырастаганын белгилешти. Ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын соңунда «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында меймандарга этномаданий программа тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
udoqawje
2023-01-28 20:19:00
Мугалимдер. .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан