Жээнбек Кулубаев Азербайжандын ТИМ башчысы менен телефондон сүйлөштү

Кечээ, 27-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Сүйлөшүүдө тараптар 27-январда Азербайжандын Иран Ислам Республикасындагы элчилигине болгон куралдуу кол салууну талкуулашты.

Министр Кулубаев Азербайжандын элчилигинин кызматкеринин каза болгондугуна байланыштуу азербайжан тарапка көңүл айтты. Ошондой эле окуя учурунда жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Эске салсак, кечээ, 27-январда Азербайжандын Ирандагы элчилигине куралдуу кол салуу болду. Анын кесепетинен бир жаран каза болгону кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-28 16:15:00
??..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан