Бүгүн, 28-январда Садыр Жапаровдун президенттик кызматына киришкенине эки жылдын жүзү болду. Буга байланыштуу өлкө башчынын маалыматтык саясат кызматы Жапаровдун 2021-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейинки ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөттөр менен бөлүштү.
"Сүрөттөрдүн көпчүлүгү буга чейин эч жерде жарыяланган эмес" деп жазылган маалыматта.
Эске салсак, 2021-жылы дал ушул күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун кызматка киришүү ант аземи өткөн.