Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 29-январда республиканын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7 … -12, күндүз +1 … +6;
Талас облусунда түнкүсүн -9 … -14, күндүз +2 … +7;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -2 … -7, күндүз +3 … +8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4 … -9, күндүз+2 … +7;
Нарында түнкүсүн -15 … -20, күндүз -1 … -6;
Бишкек шаарында түнкүсүн -7 … -9, күндүз +3 … +5.