Жалал-Абадда "Ак кар-2023" спорттук иш-чарасы өттү

Бүгүн, 28-январда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек фольклордук талаасында “Ак кар-2023” аталышындагы кышкы спорттук иш-чара өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Мэриянын маалымат борбору билдиргендей, иш-чарада мекеме-ишканалардан түзүлгөн жалпы 9 команда спорттун 4 түрү боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында мыкты аталган командаларга мэриянын дипломдору жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара шаар тургундарын сергек жашоо образына тартуу максатында уюштулганы маалымдалды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-28 16:21:00
Бул окуя чыдамсыздык менен күтүлгөн..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан