Эне тилге эки мүнөт: Ала канат, ортон колдой фразеологизмдеринин мааниси

Тектеш кабарлар: "Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын топтому (41 материал)

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда фразеологизмдерди чечмелөөнү улантабыз. Бул жолу "ала канат", "жең ичинен", "көшөгөң көгөрсүн", "оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуу", "ортон колдой" жана "уу тырмак" туруктуу сөз айкалыштарын карап, маанилерине токтолобуз.

Ала-канат - туруксуз, жеңил мүнөз, мактанчаак, шайкелең деген мааниде колдонулат. Мисалы, Өмүрзактын «токто, кой» дегенине Сатылган ала канат кылчайып койбойт.

Жең ичинен - башкаларга билгизбей, астыртан, тымызын, жашыруун деген мааниде. Мисалы, Ошол күнү эле Абил бий элеттин билермандарын шашылыш чогултуп, Бекназардын жең ичинен жүргүзүп жаткан аракетин чийинден чыккандык деп айыптады.

Көшөгөң көгөрсүн - «Бак-таалайлуу бол бактылуу жаша, өмүрлүү бол» деген мааниде жаштарга карата айтылуучу алкоо, каалоо, тилек. Мисалы, - Ырахмат кызым! Көшөгөң көгөрсүн! - деп кемпир үнүн каргылдантты.

Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуу - оюна, оозуна келгенди оттоп сөгүнүү. Оозго алгыс ыплас сөздөрдү айтуу, тилдөө, каргоо. Мисалы, Кемпир мага ооз ачырбады. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатты.

Ортон колдой - мыкты, жараган, эң сонун, алдыңкы. Мисалы, Уулу эң мурун мусулманча окуудан көзүн ачса, ...анан орустан окуп, ортон колдой киши болмок.

Уу тырмак - мыкаачы, зулум, канкор. Мисалы, Алардын ордун уу тырмак Калпа ээледи.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-28 20:32:00
ал тигине..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан