Бишкекте 26 жаштагы Нурлан Жолдош уулу ноябрдан бери изделип жатат

Бишкекте 26 жаштагы Нурлан Жолдош уулу дайынсыз болуп изделип жатат. Ал Ак-Ордо конушундагы үйүнөн 2022-жылдын 26-ноябрында чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.

Ленин РИИБи берген маалыматка караганда, 23-январда милицияга апасы А.Г. арыз менен кайрылып, Нурланды табууга жардам сураган. Аталган факты каттоого алынган.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, көзү кара, арык чырай дене түзүлүштө, психикалык оору менен жабыркайт.

Кийген кийимдери: улуттук оймо-чиймелери бар көк түстөгү жеңи жок күрмө, кара түстөгү спорттук шым.

Милиция сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, 102ге же көрсөтүлгөн телефондорго кабарлап коюуну өтүнөт: 0(312) 352-605, 0(553) 102-465, 0(703) 401-600, 0(705)450-553, 0(553)102-880.









РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-28 20:33:00
Жакында билүүгө үмүттөнөбүз..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан