Кечээ, 28-январда эркектер жана кыз-келиндер арасында дзюдо боюнча өлкө чемпионаты старт алды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Мелдештин ачылыш аземине дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Япониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэки, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, өлкөнүн улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев катышты.
Анын алкагында федерациянын президенти Жолдошбек Көлбаевге “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги” наамы ыйгарылды. Мындан сырткары, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Кубанычбек Айбек уулу, Чыңгызхан Сагыналиев, Шахида Нармухамедова, Эрлан Шеров, федерациянын өкүлдөрү Урмат Маткеримов жана Улан Кутманбаев Ардак грамота менен сыйланышты.
Кечээ, 28-январда мелдеш төмөнкү салмак категориялары боюнча өттү:
Бүгүн, 29-январда мелдеш төмөнкү салмак категориялары боюнча өтөт: