Ош шаарынын казысы болуп Мирланбек Токтомушов дайындалды. Бул тууралуу Муфтияттан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, тиешелүү чечимге муфтий Замир Ракиев кол койгон.
"Токтомушовду шаардын дин кызматкерлерине кечээ, 28-январда муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев тааныштырды", - деп жазылат маалыматта.
Өмүр баяны:
Мирланбек Токтомушов 1980-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында туулган.
- 1997-1999 жылдары Бишкек шаарындагы “Хазирети Умар” ислам институтунан билим алган.
- 1999-2003 жылдары Сирия араб мамлекети “Айнь аль-Араб” ислам институтунда билимин жогорулаткан.
- 2010-2014 жылдары Ош “Абдужапар” ислам институтунда окуган.
- 2010-2017 жылдары Ош мамлекеттик юридикалык институтунун укук таануу адистигин бүтүргөн.
- 2011-жылдан бери “Шейит-Дөбө” мечитинин баш имам-хатиби.
- 2014-2019 жылдары Ош шаарындагы Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби.
- 2019-2022-жылдары Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары.
- 2022-жылдын октябрь айынан баштап, Ош шаарынын мусулмандар казысынын милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келген.