"Кара-Кечеде" ар күнү 300дөй унаага көмүр жүктөлүүдө

Күн сайын Кара-Кече көмүр кенинде 250-300 унаага кесек көмүр жүктөлүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасы уюштурган пресс-турда маалым болду.
Анын ичинен 150-170 унаа көмүр Бишкек ЖЭБине жөнөтүлүп жатат.
Кара-Кече кесиминдеги вахта башчысы Рахатбек Токтоналиев бүгүнкү күндө жүктөгөнгө 150 миң тонна көмүр даяр турганын айтып өттү.
"Учурда Кара-Кече кенинде иш кызуу жүрүп жатат. Күнүнө 250-300 унаа көмүр кетирип жатабыз. Анын 150-170и Бишкек ЖЭБине жөнөтүлөт. Ал эми "Кыргыз көмүрдүн" 50 унаасы Бишкекке 4 миң сомдук көмүр ташып жатат. Андан сырткары региондорго акимчиликтерден, мэриядан берилген тизме боюнча көмүр 16-январдан баштап жеткирилүүдө.
Бүгүнкү күндө 150 миң тонна көмүрүбүз жүктөөгө даяр турат.
Учурда кыштын суугуна карабай жумуш кызуу жүрүп жатат. Кара-Кечеде алты тилкеден көмүр жүктөлөт. Бул жерде иш 24 саат бою тынымсыз жүргөндүктөн жумушчуларыбыз эки нөөмөт менен иштешет. Ар бир нөөмөттөгүлөр 10 сааттан жумуш үстүндө болот. Тамактануу учурунда гана тыным алабыз", - деди Токтоналиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2023-01-29 16:54:00
Канча машине сыртка кетип атканын да айта кетпепсиз да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан