Ош-Ноокат-Раззаков жолун реконструкциялоо иштери жаз айларында башталат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан белгилүү болду.
Айтылгандай, кечээ, 28-январда транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу жана жол тармагындагы тиешелүү адистер Ош-Ноокат-Раззаков жолунун абалы менен таанышкан.
Анда Ош-Ноокат-Раззаков жолунун Ноокат районундагы кооптуу тилкелерине реконструкциялоо иштери жаз айларында башталары, учурда долбоорлоо жумуштары жүрүп жатканы айтылды.