Ирандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 600дөн ашты

Ирандын түндүк-батышында болгон жер титирөөдөн эки адам каза болуп, 664 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ишемби күнү, 28-январда кечке жуук Ирандын түндүк-батышындагы Хой шаарына жакын жерде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Буга чейин эки адам каза болуп, 580 адам жаракат алганы кабарланган.

Алгачкы эсептөөлөр боюнча жер титирөө 2 шаарга жана 70тен ашык айылга зыян келтирип, имараттардын 20-50 пайызы жараксыз абалга келгени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
udoqawje
2023-01-30 13:01:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан