Миң-Куштун "Агулак" кенинде быйыл көмүр казып баштоо пландалууда

Азыркы учурда Жумгалдын Миң-Куш айыл аймагында жайгашкан "Агулак" кесиминде тазалоо иш-чаралары жүрүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын Миң-Куш филиалынын директору Тентибек Шаршенбек уулу билдирди.

"Миң-Куш филиалы өткөн жылдын 17-октябрынан тарта каттоодон өтүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Жаңы ишкана уюшулуп жаткандыгына байланыштуу иштин жүрүшү оор болду, бирок ага карабастан жумуш өз нугунда жүрүп жатат. Быйылкы иш планыбыз бул дайындоо иштери болуп эсептелет. Алар жумушчуларыбызга толук кандуу шарт түзүп берүү. Мындан сырткары мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык тендер жарыяланып, Агулак кесимине электр чубалгысы тартылып келип, толук кандуу жарык менен камсыз кылынды. 80 тонналык электрдик көзөмөл таразасы орнотулду.

Жалпы жумушчулардын саны 98, анын 20сы аппарат кызматкери, 78и кесимде иш алып барышат. Жумушчулар вахталык метод менен иштешет. Кенде тынымсыз 24 саат бою иш жүрүп турат. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Кара-Кече филиалынан эки даана гидравликалык экскаватор, 2 автопогрузчик, 4 хово техникалары бөлүнүп берилген.

Келечектеги пландарыбыз көмүр чыгып баштаганда жергиликтүү тургундарды жана Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуу. Кара-Кече кенинин деңгээлине жетип, өлкөбүздү толук көмүр менен камсыздоо максатын көздөйбүз. Совет доорунда өткөрүлгөн геологиялык чалгындоолордун негизинде "Миң-Куш" кесиминде көмүрдүн кору 61 миллион 566 миң тонна деп аныкталган. Көмүр казуу иштерин быйылкы жылы баштоону мерчемдеп жатабыз. Бул жердеги көмүрдүн сапаты Кара-Кеченикинен күчтүү", - деди Шаршенбек уулу.

Белгилей кетсек, "Кыргыз көмүр" ишканасы 27-28-январь күндөрү журналисттер үчүн атайын пресс-тур уюштурду. Анда Нарын облусунун Жумгал районундагы "Кара-Кече", "Миң-Куш" кендериндеги көмүр казуу, жүктөө жана башка иш процесстерине күбө болдук.

Миң-Куш көмүр кени
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан