Убагында уран өндүрүлгөн Миң-Куш айылынан фоторепортаж

Кыштын кыраан чилдесинде Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айыл аймагында жайгашкан "Агулак" кенин көрүүгө бардык. Жолдо бара жатып, Миң-Куш айылын көрүүгө үлгүрдүк. Январь айы болгондугуна карабастан айылда кар аз жааганы байкалды. Абанын температурасы салыштырмалуу жылуу экен. Айыл тургундарынын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Миң-Куш айылы - 1949-жылы негизделген. Нарын облусунун Жумгал районунда деңиз деңгээлинен 2120 метр бийиктикте жайгашкан айыл. 1953-жылдан баштап шаарча макамына ээ болгон. 2012-жылы айыл макамы берилген. Аталган шаарчада убагында уран өндүрүлчү.

Жергиликтүү эл мал чарбачылыгы менен жана көмүр кендеринде эмгектенишет. СССР тараган соң калкынын көбү ички миграцияга кетишкен. Ал эми өткөн кылымдын 50-жылдарында салынган курулуштар дагы деле бар. Кээ биринде жашоого ыңгайлуу болсо, кээ бири абалы мышык ыйлагыдай.

Белгилей кетсек, "Кыргыз көмүр" ишканасы 27-28-январь күндөрү журналисттер үчүн атайын пресс-тур уюштурду. Анда Нарын облусунун Жумгал районундагы "Кара-Кече", "Миң-Куш" кендериндеги көмүр казуу, жүктөө жана башка иш процесстерине күбө болдук.


кошулду
Миң-Куш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
udoqawje
2023-01-30 12:59:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан