Футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курамасы Ташкентте өтүп жаткан "CAFA WOMEN’S FUTSAL CHAMPIONSHIP" турниринин алкагында Тажикстанга утулуп калды.
Беттеш бүгүн, 30-январда болуп, анда Кыргыз курамасы 2:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Кыргыз курамасынан голдорду Айжан Боронбекова менен Кенжебүбү Ырысбек кызы киргизишти.
Муну менен кыргыз футзалчы кыздары аталган турнирде төртүнчү орунду ээледи.
Алар буга чейин Иранга 5:0 жана Өзбекстанга 6:1 эсебинде жеңилишкен.