Бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандыктарды уюштурган деп шектелген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова үй камагына бошотулду. Маалыматты Жогорку Соттон тастыкташты.
Сот Орозайым Нарматованы 20-февралга чейин үй камагына чыгарган.
27-декабрда Бишкек шаардык сотунда экс-депутат Орозайым Нарматова эсин жоготуп жыгылган. Аны конвойлор залдан көтөрүп чыгып кеткен.
23-октябрда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен 20дай адамды кармашкан. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.