ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги кургак учукка каршы эмдөө борбору жабылып жатканы кандай?"

Бишкек шаарында жалгыз кургак учукка каршы күрөшүү борбору болсо, аны жаап жатканы кандай? Мындай собол менен окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды.

"30-январда Бишкектеги кургак учукка каршы эмдөө борборуна барып келдим. Шаар боюнча ошол жерде эле карашат экен. Ал жерди жаап жатышыптыр. Бизди кабыл албай уруш-талаш менен көрүнүп келдик. Ошол жерде 20дай адамды араң кабыл алышты. Себебин сурасак борборду жоюп, ар кимдин жашаган жериндеги поликлиникадан көрүнө турган кылыптыр.

Эми суроо? Борбордо жалгыз кургак учукка каршы эмдөө борборун эмнеге жаап жатышат? Эмнеге алардын санын көбөйтпөйт? Кыргызстанда кургак учук менен ооругандар көп экен. Ал жер жабылса оорулуулар дагы көбөйөт го деп ойлонуп келдик", - деген ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан