Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы “Гранд Слэм Париж” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, эл аралык мелдеш 4-9-февраль күндөрү Париж шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси:
1. Ханболот Ырысбеков - 60 килограмм;
2. Кубанычбек Айбек уулу - 66 килограмм;
3. Чыңгызхан Сагыналиев - 73 килограмм;
4. Асад Масабиров - 81 килограмм;
5. Эрлан Шеров - 90 килограмм.
Дзюдо боюнча курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучу Сергей Кладновдун жетекчилиги астында мелдешке катышат.