Beeline мектеп окуучуларынын жолдогу коопсуздугун жогорулатууга жардам берди

Балдарга жол кыймылынын эрежелери жөнүндө айтылып, жарык чагылдыруучу брелоктор таратылды.
Кыргызстанда жыл сайын миңдеген жол кырсыктары катталып, алардын натыйжасында балдар да жапа чегишет. Улуттук статистикалык комитеттин кейиштүү статистикасы боюнча, 2022-жылдын алты айында эле жол кырсыгынан 929 жашы жете элек өспүрүм жабыркап, 37 бала каза болгон.
Мектеп окуучуларын жолдордогу кырсыктардан коргоо жана балдардын жол-транспорттук жаракаттарын алдын алуу максатында Beeline уюлдук оператору менен КР ИИМ ЖКККББ биргеликте башталгыч класстардын окуучулары үчүн «Абайлагыла, балдар!» акциясын уюштурушту.
Биринчи кезекте акыркы убакта жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктары көп катталып жаткан аймактардагы мектептерге көңүл бурулду. 30-январь күнү Beeline компаниясынын жана КР ИИМ ЖКККББнын кызматкерлери Новопокровка №1-орто мектебинде жана Лебединовка №1-мектеп-гимназиясында болушуп, 1-4-класстын окуучулары менен жолдо жүрүү эрежелери боюнча баарлашышты.
"Мектеп окуучулары маалыматты жеңил өздөштүрүүсү үчүн иш-чара интерактивдүү форматта өткөрүлдү. Балдарга жолдо өзүн туура алып жүрүү керектиги айтылып, жол белгилери көрсөтүлүп, билимдерин текшерүү үчүн суроолор берилди. Ошондой эле, балдарга кийимге же сумкага тагылуучу жарык чагылдыруучу брелоктор берилди. Мындай брелоктор фаралардын жарыгында жаркырап, алыстан көрүнүп турат, андыктан түнкүсүн жолдо бараткан баланы байкап калуу оңой", - деп билдирди Beeline.
Мектеп окуучуларынын жолдордо коопсуздугун сактоо демилгеси биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Өткөн жылдын апрель айында Beeline компаниясы менен КР ИИМ ЖКККББ борбор калаанын алты мектебинде 3-5-класстын окуучулары үчүн ушундай эле иш-чараларды өткөрүшкөн. Мындан тышкары, Beeline компаниясынын жарык чагылдыруучу брелоктору компаниянын кеңселеринде, соода борборлорунда жана шаардын көчөлөрүндө таратылды.
Сизге жана Сиздин жакындарыңызга камкордук менен, Beeline!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан