Ош облусунда жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын өттү

Бүгүн, 2-февралда Ош облусунда 2022-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, облустук, райондук мекеме-уюмдарынын башчылары, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Төрөбаев район акимдери жана айыл өкмөт башчыларына кайрылып, 2023-жылы ар бир район өнүктүрүү планын иштеп чыгуусун, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, баа саясатын көзөмөлдөө жана экспортко чыгарууга шарттарды түзүү, ирригация тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү, бош жаткан айыл чарба жерлерин өздөштүрүү тапшырмасын берди.

"Көмүскө экономиканы кыскартуу, электрондук счёт фактура жана ККМ аппараттарын орнотуу менен көмүскө салыкты ачыктоо жана президенттин “Жер мунапысы жөнүндөгү” жарлыгынын алкагындагы иштерди аягына чыгарууну кошумчалады", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле коллегиялык отурумда Ош облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча 2022-жыл ичинде аткарылган иштер жана 2023-жылга карата иш-аракеттер, пландар тууралуу маалыматтар айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан