Жалал-Абад шаарында гепатитке каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Эмдөөдөн 23 жаштан 65 жашка чейинки жарандар өтө алат", - деп айтылат билдирүүдө.
Кабарлангандай, эмдөөдөн өтүү үчүн жарандар шаарда жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, дарыгердин көзөмөлүнөн өтүүсү зарыл. Эмдөө акысыз негизде жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында 1 миңге чукул жаран В гепатитине каршы эмдөөдөн өткөнү маалымдалды.