Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өрт кырсыгы катталып, 45 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-февраль күнү Сузак районунун Винсовхоз айылындагы барак тибиндеги турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 1978-жылы туулган Т.З аттуу эркек киши каза болгон. Ошондой эле үй тиричилик буюмдары, төшөнчүлөр күйүп кеткен.
Өрттүн келип чыгуу себеби, электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу экени айтылат.