Араванда адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ошто адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда облустук милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-январь күнү Араван РИИБинин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында адам өлтүрүү фактысына шектелип, издөөдө жүргөн Араван районунун 29 жаштагы Ф.Р. аттуу тургуну Ош шаарынан кармалган.

"Аталган жаран 2021-жылдын 21-ноябрь күнү болжол менен саат 02:00 чамасында өзүнүн шериктери 37 жаштагы М.А., 36 жаштагы Б.А. жана 30 жаштагы Ш.О. менен алдын ала сүйлөшүп, С.Юсупова айыл аймагынын жашоочусу 54 жаштагы К.Ю.нун үйүнө кирип аны өлтүрүп, из жашырып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Бул кылмышка катыштыгы бар жогорудагы жарандар буга чейин кармалганы, ал эми жаңы кармалган жаран 2021-жылдан бери издөөдө жүргөнү кошумчаланды.

Учурда кылмышка шектүү Ф.Р. Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан