Жалал-Абадда тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБине Сузак районунун 1961-жылы туулган тургуну М.Г. арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылдын 25-август күнү саат 15:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын "Токтогул" эс алуу багында жайгашкан “Гүлзада” кафесинде А.Н. аттуу 16 жаштагы небересинин базар баасы 19 миң сомдук Самсунг үлгүсүндөгү телефонун жашы болжол менен 35-40 жаштагы жаран чалып алайын деп колунан жулуп алып кетип калганын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 2-февраль күнү Базар-Коргон районунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган А.И. кармалган.
Учурда шектүүнүн мындан башка да кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>