Бүгүн, 3-февралда Айсулуу Тыныбекова Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдеште килемге чыгат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.
Маалымдалгандай, Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышат. Тыныбекованын алгачкы атаандашы кытайлык Сяоцзюнь Луо болот.
Беттеш Бишкек убактысы менен саат 15:00дө башталат.
Эскерте кетсек, аталган мелдешке Айпери Медет кызы дагы катышууда. Ал 4-февралда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө килемге чыгат.
Мелдеш 1-февралда башталган. Ал эми 5-февралда жыйынтыкталат.