Депутат Токторбаев өкмөттө эки эрке министр бар экенин айтты

Бүгүн, 3-февралда "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев өкмөттө эки "эрке" министр бар экендигин айтты.

“Биринчи министрибиз - бул Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова. Сын айтсаң: “менин Ак үйдө крышам бар” дейт. Экинчиси - Тилек Текебаев (ред: Транспорт жана коммуникациялар министри). Ооруп жатат деген бул... Мен деле ооруп жатам. Мына Надира Нарматова ооруканадан чыгып келди. Урматтуу депутатыбыз Камила Талиева ооруп отурат. Келди го. Эми депутаттарды кичине сыйлап койгула да, урматтуу жетекчилер. Биз деле душман эмеспиз, элдин өкүлүбүз. Биз деле баары жакшы болуусун каалайбыз”, - деди Токторбаев.

Жогорку Кеңеш 03.02.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан