MBANK 2023-жылдын 3-февралынан тартып “Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” ЭЛКАРТ ээлери үчүн Кыргызстандын үчүнчү тараптын банкоматтарынан акча каражаттарын алуу үчүн комиссияны 2 эсеге төмөндөткөндүгү тууралуу кубануу менен билдирет.
Кыргызстандын каалаган банкоматтарынан аз чыгым менен тез жана ыңгайлуу түрдө акча накталай кылып алыңыз.
«Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» банкоматтарынын тармагында накталай акча алуу муруңкудай эле комиссиясыз - 0 сом.
MBANK ар бир колдонуучунун муктаждыктарын канааттандырууга умтулат жана аларды өркүндөтүү үчүн тынымсыз иштеп жатат!
*Төмөндөтүлгөн комиссиянын мөөнөтү 2023-жылдын 3-апрелине (кошумча) чейин уланат.