Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы март айында эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.
Маалымдалгандай, оюндар Индия жана Мьянманын курама командалары менен болот.
"Спорттук иш-чара келерки жайда Катарда өтө турган Азия кубогуна даярдык катары пландалган", - деп айтылат билдирүүдө.