Бишкекте аярлуу жана аз камсыз болгон 60 үй-бүлө акысыз көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук администрациясы “Имарат” кайрымдуулук фондунун жардамы менен иш-чараны жүргүздү.
Жалпысынан 60 тонна көмүр таратылды.