Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелген блогер Батмакан Жолболдуева "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренеси боюнча акталды. Мындай чечимди Баткен райондук соту чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Батмакан Жолболдуева билдирди.
Маалымдалгандай, Жолболдуева үч иш боюнча айыптуу деп табылды. Ал "Бейбаштык", "Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" жана "Документтердин жасалмасын жасоо" боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга пробациялык көзөмөл дайындалды. Ошондой эле 2 жылдык мөөнөткө блогердик ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
"АКИпресс" басылмасынын Баткен облусундагы өкүлү, Баткен медиа борборунун журналисти Арзыгүл Галымбетова 2022-жылы 26-мартка караган түнү каза болгон.
Ал Фейсбуктагы баракчасында каралоорго кабылып жатканын жазган. Мындан улам "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренеси менен кылмыш ишин козголгон. Ал эми 28-мартта блогер Батмакан Жолболдуева кармалган.
Ага журналисттин 25-мартта Жолболдуеванын үстүнөн "аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат" деп милицияга арыз жазганы себеп болгон.
Блогер 18-августта Баткен райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.
Ал эми маркум журналист Арзыгүл Галымбетованын бир тууган эжеси Тажигүл Галымбетова биздин порталга интервью берип жатып, блогер Батмакан Жолболдуевага карата эч кандай доосу жок экенин айткан. Ал эми сиңдисинин өлүмүнө башка тараптар кызыкдар болушу мүмкүн экенин билдирген.