ЭЛДИК КАБАР: Тургун калаадагы кичи автобустар элди жык-жыйма салганына нааразы болду

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну кайрылды. Ал калаадагы кичи автобустардагы шарттарга нааразы болуп, бийликтен аталган маселеге көңүл бөлүүгө чакырды.

"Шаарыбызда каттаган маршруттук таксилер адамдарды жык-жыйма кылып сала берет. Бул жүргүнчүлөргө өтө ыңгайсыздык жаратат. Өзгөчө жума күнү Спутник, СМУ каттамдарында кездешет. Акыркы жолу Кытайдан алып келинген автобустар эскирип, каттамга аз санда чыгат. Ошол үчүн маршруттук таксилердин ордуна жаңы автобустарды менен алмаштырса тургундарга ыңгайлуулук жаралмак", - дейт шаар тургуну.

Андан сырткары окурман аталган маселеге шаар мэри Эрнисбек Ормоков көңүл буруп, көйгөйдү чечип берүүнү суранды.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Бектурган
2023-02-08 11:43:00
Шопурга баарибир да, элдин өзүндө күнөө, чыкпай койсоңор болотда. Жан талашып чыгасыңар тыгылып, бир-бириңерди тебелеп...
0
jam77
2023-02-08 13:42:00
Кайрадан жакшы шарттар түзүлөт деген үмүттөбүз..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан