ЭЛДИК КАБАР: Тургун: "ӨКМ куткаруучулары өкмөткө өгөй балабы?"

ӨКМ куткаруучулары өкмөткө өгөй балабы? Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Сыдыгалиев, Винера Раимбачаева жана Чыңгыз Ажибаев пленардык жыйында маселе көтөрүп, а түгүл Ак-Сай элинин жашоочулары президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарында оозеки жана кат түрүндө кайрылган.

Алар кайрылуусунда 2022-жылдын октябрь айынан баштап Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунун аймагында кызмат өтөгөн бардык күч түзүмдөрүнө; КР Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери, Чек ара кызматы, ИИМ Башкармалыгы жана бөлүмдөрү 30000 сом өлчөмүндө үстөк акы алып жатканын, бирок ӨКМ кызматкерлери калып кеткенин айтышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ак-Сай айылынын тургуну Нурлан Дуванаев билдирди.

Маалымдалгандай, 2022-жылдын 4-ноябрында министрлер кабинетинин №601 токтому чыгып, ага ылайык Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунун аймактарында туруктуу жайгашкан бөлүкчөлөрүндө кызмат өтөө шарттары үчүн 30000 сом өлчөмүндө үстөк акы төлөнүп баштаган.

"Ар кандай өзгөчө кырдаал учурунда биринчилерден болуп элге жардамга келген куткаруучулар экстремалдык шарттарда өз өмүрүн жана ден соолугун тобокелдикке салып, аскердик милдетин так жана абийирдүүлүк менен аткарып келаткандыгын, аларга материалдык-моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында аталган үстөк акы төлөө максатка ылайык", - деп билдирди Нурлан Дуванаев.

Ал бул боюнча президенттин Баткен облусуна болгон иш сапарында оозеки жана кат жүзүндө да кайрылып, чек арада жашаган баткендик карапайым жаран катары да, чек ара окуяларында куткаруучулардын эмгегин өз көзү менен көргөн атуул катары да айтып жаткандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин, аймактагы абалга байланыштуу күч түзүмдөрүнүн айлык акысы көтөрүлгөнү кабарланган.

Ал эми Тажикстандын агрессиясынын кесепетинен 63 Кыргыз жараны каза болуп, 200гө жакыны түрдүү жаракат алган. Мындан сырткары 200 миңге жакын жаран коопсуз аймакка эвакуцияланууга аргасыз болгон.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан