ЭЛДИК КАБАР: "Жаан-чачын жааса эле жолдо жүрө албай калабыз"

Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаарындагы Алтын-Казык жаңы конушунун тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды. Ал конуштагы жолдун абалына кейип, качан оңдолот деп собол салды.

"Конуштагы жолдордун абалы начар. Жаан-чачын болгондо жүрүү кыйын. Эртең менен мектепке 2-класстагы баламды алып барам. Түндө кар жаагандыктан жолдор ылай, баткак. Эптеп үйгө жетесиң. Жол качан оңдолот? Буга чейин тургундар шагыл төктүргөнбүз. Анын деле жарымы көрүнбөй кетти", - деп даттанды тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан