Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши боюнча чыгарылган өкүм Жогорку Соттун чечими менен жокко чыгарылды. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Рыскелди Момбеков SUPER.KG сайтына билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 13-февралда судья Кеңешбек Токтомамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн соттук коллегияда чыккан.
"Сот Алмазбек Атамбаевдин өтүнүчүн канааттандырды. Бул иш кайрадан Биринчи Май райондук сотунда каралышы мүмкүн", - деди Момбеков.
Ошондой эле ал азыр өзү дагы Алмазбек Атамбаев абакта отурган Молдовановка айылына бара жатканын кошумчалады.
Социалдык тармактарда экс-президенттин эркиндикке чыгары тууралуу билдирүүлөр чыга баштады.
Азырынча Жогорку Сот бул маалыматты тастыктай элек.
Белгилей кетсек, Атамбаев дал ушул Батукаев иши боюнча камакта отурат. Ал эми башка иштери боюнча бөгөт чарасы аныкталган эмес.