Бүгүн, 14-февралда эркиндикке чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн пландары тууралуу айтып берди.
"Чынын айтсам, барып дарыланышым керек. Бирок мен мурдагыдай эле мекениме кайра келем", - деди Атамбаев.
Белгилей кетсек, Жогорку Соттун соттук коллегиясы адвокаттардын Атамбаевге козголгон кылмыш ишинин жаңы ачылган жагдайлары боюнча өндүрүштү кайра баштоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Ошентип криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту тарабынан Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон деген жүйө менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11,2 айга эркинен ажыратылган. Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта. 2021-жылдын декабрь айында Алмазбек Атамбаевдин эки иш боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылган.