Абактан чыккан экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Анда Атамбаевге Сооронбай Жээнбеков тууралуу дагы суроо берилди. Атамбаев өз сөзүндө Сооронбай Жээнбековдун артынан түшпөй турганын белгиледи.
Мен Сооронбай Жээнбековдун артынан түшпөйм. Кудай жазалайт, жазалап жатат. Кыргызда "Кудайга койдум" деген сөз бар, Кудайга койдум да", - деди Алмазбек Атамбаев.
Белгилей кетсек, Жогорку Соттун соттук коллегиясы адвокаттардын Атамбаевге козголгон кылмыш ишинин жаңы ачылган жагдайлары боюнча өндүрүштү кайра баштоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Ошентип криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту тарабынан Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон деген жүйө менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11,2 айга эркинен ажыратылган. Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта отурган. 2021-жылдын декабрь айында Алмазбек Атамбаевдин эки иши боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылган.