Алмазбек Атамбаев абакта отурган учурда ага карата кандай мамиле болгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-февралда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Тергөө абагында го мен жалгыз отурдум. Мейли №47, мейли №27 абакта болсун соттолгондор мага сый мамиле кылып жатышты, бул үчүн ыраазымын. Бирок №47 абактан кимдир бирөөдөн буйрук болдубу, айтор кызматкерлер кар жаап жатканда кийими жок сыртка алып чыгышып, ошондон улам омурткама залал келди", - деди Атамбаев.
Белгилей кетсек, мурдагы президент Жогорку Соттун чечими менен бүгүн №27 абактан бошотулду.