Бишкекте энесин жана 2 баласын өлтүргөн окуя: Шектүү УКМКнын 9-кызматында эмгектенген

Бишкек шаарында 3 адамдын өлүмүнө шектүү жаран УКМКнын 9-кызматында эмгектенген. Бул туурасында атайын кызматтын маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, Ч.А. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор.

Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.

Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкек шаарында аял 15 жаштагы өспүрүм жана 5 жаштардагы бала киши колдуу каза болгон. Кылмышка шектүү катары кармалган жаран 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну. Ал кармаш уруш боюнча спорттун чебери.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан