ЭЛДИК КАБАР: "Кантта жолбун иттер көбөйүп кетти"

Кант шаарындагы 2-кичи районунда жолбун иттер көбөйүп кетти. Бул тууралуу окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылганда билдирди.

"2-кичи райондо жолбун иттер аябай көбөйүп кетти. Өзгөчө №13, 14, 15 көп кабаттуу турак үйлөрдүн арасында көп жүрүшөт. Жолдо жөө жүргөн адамдарга зыяны тийип жатат. Тиешелүү мекемеден көңүл буруп коюшун суранабыз", - деген ал.

Ошондой эле ал жаз мезгилинде иттерде кутурма оорусу күч аларына тынчсызданып жатканын кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан