Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ош облусунун Алай районунун тургуну кайрылды. Окурман Алай районунун борбордук базарындагы жолдун абалына кейип, видео дагы жөнөткөн.
"Алай районунун Гүлчө айылынын борбордук базарынын абалы начар. Базарга киргендеги жолдун абалы "мышык ыйлагыдай". Унаалардын кирип-чыгышы "өлүм эле". Анан дагы базарга кирген унаалардан акча алышат", - деген ал.
Мындан тышкары окурман аталган базар Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашовго тиешелүү экенин айтып, андан маселеге көңүл буруп коюуну өтүнгөн.
Алай районунун борбордук базары Гүлчө айылында жайгашкан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.