Эжеме кат: "Ушунун баарын угуп, таягын жеп, ушунча жыл чыдаган сага таң калдым"

"Сезим" кризистик борбору "Эжеме кат" аттуу рубрикага келген студент жаштардын каттарын жарыялап жатат. Маалымдалгандай, каттар 1-марттан 8-мартка чейин борбордун Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарыяланып турат.

"Чын дилден чыккан бул каттарда аялдардын, кыз балдардын учурдагы абалы, кыял тилектери туурасында олуттуу ойлор катылган", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Асел аттуу кыздын эжесине жазган каты жарыяланды.

"Каникулда барам деп жатып эле, кайра кетип калганыма таарынбачы, эжеке" деп башталат Асел аттуу кыздын каты.

"Чыдай албай койдум. Түнкүсүн жездем мени эч нерсе укпайт деп ойлоду окшойт. Анын мас болуп алып, сени сөгүп, ата-энебизди кошо жамандап жатканын угуп эле жаттым. Балким, мени атайын уксун дедиби? Билбейм. Күнүгө ушул экен. "Этти күйгүзө кууруптурсуң, эмдигиче тамак жасаганды билбейсиң, жетишпей жатсаң эмне кылайын? Элдин аялдарынын эри миграцияда 5-10 жылдап жүрүшөт. Жүдөбөй баланы карабайсыңбы? Экинчи телефонду карап, делдиреп отурсаң, мага таарынба, мойнуңду жулуп алам, эшек!". Ушунун баарын угуп, таягын жеп, ушунча жыл чыдаган сага таң калдым. Эртең мененки 5те башталган жумушуң эл уктаганча бүтпөйт экен. Сени менен сүйлөшүү үчүн ишиңди кошо жасашып, жардам берүү керек экен. Апасы бир жагынан "шерине берчүмүн" деп чыгат экен. Балаң ыйлап жатабы, өзүң ооруп жатасыңбы, баары бир экен… 3 күндө эле үй-бүлөлүк турмуштун "жыргалын" сездим. Тажап кеттим. Менин минтип жашагым келбейт. Сага деле башкача жашоону каалайм. 5 жылга жетпей оорукчан, жашоодон тажаган эч нерсеге кызыкпай калган жүдөгөн, чарчаган аял болгонуңду каалабайм. Бирок кантип жардам береримди да билбейм. Бир билгеним, жездемдин ичкилигин тыйыш керек. Жардам берсин. Кудагый да жардамдашсын. Унчукпай баарын өзүң кылып жүрө бербе. Сөккөнүнө да, какканына да көнбөгүлө. Көңүлүңдү көтөрүп, эс алып, адамча жаша. Мен сонун ырларды, клиптерди жөнөтүп турам, бир маал баарын таштап, ошону угуп, эс ал. Жайында айылга апамдарга чогуу баралы. Ошондо баланы биз багабыз. Доктурга барып, дарыланып, эс алып, айылда жыргайбыз. Ага чейин жакшы тургула. Сизди бек кучактап, Асел", - деп жазылат анын катында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
udoqawje
2023-03-02 22:03:00
- - - -
0
yudau
2023-03-02 22:40:00
wow...
0
zinza.girl
2023-03-03 09:06:00
Биз аял кишилер, айрыкча кыргыздын кыз-келинчектери, ушундай жашоону балалыгыбыздан коруп жургонгобу билбейм, баарына коно берет экенбиз. Айланайындар, азыр заман башка, адамдар башка. Озубузду кордогонго жол бербейли, ар бир аял озубузду сыйлайлы, суйолу. Бизде кыргыздарда, баары деп айтпайм, бирок, копчулук уй-булоолордо эркектин аялга деген зулумдугу, кайнененин келинге корсоткон кылыктары, кайната же кайынсинди, кайынэжелердин киришуусу ото коп, мына ошондон турмуш бузулат
+2
zinza.girl
2023-03-03 09:11:00
zinza.girl же аялдар ошонун баарына чыдап журо беришет, бирок жыйынтыгында оорукчан болуп калып атышпайбы?! Журок оорулуу болот, канча нервин кетет. Мына эми, жыргал жашоону эми кором деп турганда ооруп жатып калсан, сени эч ким жактырбайт, оорукчан аялдын эч кимге кереги жок болуп калат! Чыдамдын да чеги болот айланайын айымдар, озубузду суйолу, барктайлы!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан