Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен орусиялык балбан Роман Власов коңшу Казакстандын Алматы шаарында беттешет. Мындай маалымат "Поддубный лигасынын" уюштуруучулары тарабынан белгилүү болду.
Бул күнү аталган лигада 10дон ашык өлкөнүн мыкты делген балбандары кез келет. Ал эми Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттешин негизги беттеш катары өтөт.
"Токио 2020" жайкы Олиапиада оюндарынын чемпиону, орусиялык балбан Муса Евлоев Махмудов-Власов беттешин бүткүл дүйнө жүзү күтүп жатканын белгиледи.
Бул эки балбандын беттешин өткөрүү 2021-жылдан бери сүйлөшүлүп келген.