"Өкмөттө балдарды ойлогон киши барбы?". Тургун автобус каттамынын аздыгына нааразы болду

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургуну кайрылды. Жергиликтүү тургун конуштагы коомдук транспорт көйгөйүн айтып, даттанды.

"Биз шаарга жетүү үчүн Ахунбаев көчөсүнө чыгабыз. Бизге мурун шаардын ичинде жүргөн №42 маршруттагы автобуздарды беришиптир. Мэрия линияда 11 автобустун бардыгы ар бир 7-10 мүнөт сайын жүрүп турат деп жазып чыгышкан. Бүгүнкү күнү линияда 5 эле автобус калыптыр.

Айдоочудан сурасам бузулуп тургандары бар экен. Ошол үчүн аралыгы абдан алыс болуп жатыптыр.

Биз аялдамада коомдук траспортту 45-50 мүнөт күтүп жатабыз. Ахунбаевден шаар ичине жүргөн жалгыз маршрут болгондуктан мектепке бара жаткан окуучулар кыйналып жатышат. Эмнеге ушундай? Бул линияны көзөмөлгө алса болобу?

Деги өкмөттө элди, балдарды ойлогон киши барбы?" дейт окурман.



Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан