"Сабакка кечигип калышат". Эки көзү төрт боло транспорт күткөн Ак-жарлык окуучулар

Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылындагы окуучулар мектепке барууда күн сайын коомдук транспорт көйгөйүнө туш болушат. Мындай билдирүүнү окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

Айтымында, аталган айылдагы балдар 10 чакырым алыстыкта жайгашкан Көк-Жар мектеп комплексине барып, билим алышат.

"Ак-Жар айылында 60тай мектеп окуучусу бар. Жол жаман, маршрут убагында келбей калат. 10 чакырым аралыкка барып окушат. Бардык мезгилде балдардын мектепке барганы көйгөй. Биздин айылдан чоң жолго чейин 2 чакырым жөө басышат. Андан ары 8 чакырым маршруттук такси менен барат. Бирок кичи автобус ар дайым толо болуп балдарды албайт. Балдар эптеп мектепке кечигип жетишет. Ал жактан кечиккендиктери үчүн мугалимдерден тил угушат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жана айыл өкмөткө бир нече жолу кайрылганбыз. Бирок андан майнап чыкпай келет.
Тийиштүү мекемелерег кайрылып, каттам кошолу десек Бишкек-Жаңы-Пахта №327 каттамдан башка транспорттук каттамды киргизбей жатат", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Эки көзү төрт боло" транспорт күткөн Ак-жарлык окуучулар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан