Тургун: "13 жылдан бери кызыма туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай келем"

13 жылдан бери кызыма туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай келем. Мындай билдирүүнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ордо айылынын тургуну Чынара Хожобаева ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

Ал кызы 2010-жылы Орусиянын Москва шаарында төрөлгөнүн айтат.

"Кызым Москва шаарында төрөлгөн. Бирок бир айдан кийин Кыргызстанга кайтып келгенбиз. Анда кызымды аэропорттон маалым каттын негизинде алып өткөм. Райондук калкты тейлөө борборуна барып, документ алууга аракет кылып жаттым. Бирок майнап чыккан жок. Күбөлүктү маалым каттын түп нускасы менен дагы ала албай койдум. 5-6 жыл чуркадым. Кийин маалым каттын түп нускасын жоготуп алдым.

2016-2017-жылдары социалдык коргоо башкармалыгына кайрылып, алар аркылуу бир топ жерге кайрылдык. Жыйынтык чыкпагандыктан акыры Кара-Суу райондук сотуна кайрылдым. Алар Орусиядан маалым катты кайра алып келгиле дешти. Оштогу ТИМ өкүлчүлүгү аркылуу Москвадагы төрөтканага маалым катты алуу боюнча эки жолу кайрылдык. Бирок аларда документ бир жыл гана сакталат экен. Бул маалыматка сот ишенбөөчүлүк көрсөтүп, узартып жүрдү. Кийин токтоду. 2022-жылы сентябрь айында кайрадан сотко кайрылдык. 6 айдан бери деле жыйынтык жок. Азыр кызым 13 жашка толду. Документ жок кыйын болууда", - дейт тургун.

Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровдун жардамында көптөгөн жарандардын документ көйгөйлөрү чечилип жатканын айтып, үзүлбөгөн үмүт анын кайрылуусуна себеп болгонун кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан