ЭЛДИК КАБАР: "Ак-Өргөдө таштандылар убагында алынбай жатат"

Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда таштандылар убагында алынбай жатат. Бул тууралуу билдирүүнү окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

Окурман билдиргендей, аталган конушту "Тазалык" муниципалдык ишканасы тейлейт.

"Өткөн аптанын жума күнү келиши керек болчу. Ошондуктан тургундар таштандыларды көчөгө чыгарып коюшат. Келбей калганда алар чачылып турат. Бирок таштандынын акысын ар ай сайын толук чогултуп алат. Кээ бирде 1 айдын ичинде 2 апта гана келет. Мындай учурда акыны азайтса болобу?" деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ак-Өргө конушунда таштандылар убагында алынбай жатат
Элдик видео
Ак-Өргөдө таштандылар чыгарылбай жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан